2024-12-05

Биринчи курстун студенттери үчүн багыт берүү программасы


2024-жылдын 4-декабрында, шаршемби күнү саат 11:00дө КТМУнун теология факультетинин 1-курсунун студенттери үчүн багыт берүү программасы болуп өттү. Программада Дин илимдери бөлүмүнүн башчысы жана ректордун кеңешчиси Проф. док. Кемал Полат жана Ислам илимдери бөлүмүнүн башчысы доц. док. Наил Карагөз кафедранын жана курстардын иштеши, студент-мугалим, профессор-студент мамилелери, мамлекет жана университет тарабынан студенттерге берилген мүмкүнчүлүктөр, студенттердин укуктары жана милдеттери, эразмус, орхун жана чет өлкөлөрдө билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жалпы маалымат берди. эки тараптуу келишимдер жөнундө маалыматтар кенен берилди. Андан соң студенттер тарабынан берилген суроолорго жооптор берилди. Программанын аягында факультеттин жетекчилиги тарабынан кафедра башчыларына кошкон маанилүү салымдары үчүн ыраазычылык баракчалары тапшырылды.