2024-12-05
Ата энелер чогулушу
2024-жылдын 5-декабрында бейшемби күнү саат 15.00дө КТМУнун теология факультетинде ата-энелер чогулушу болуп өттү. Жолугушууга теология факультетинин деканы проф. док. Хасан Айык, теология факультетинин илимий кызматкерлери жана студенттердин ата-энелери катышты. Алгач факультеттин деканы факультетте студенттер үчүн жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу жалпы маалымат берди. Андан соң теология факультетинин окутуучулары сөз алышты. Андан соң ата-энелерге сөз берилди. Жыйында жалпысынан билим берүү Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги жана университет тарабынан катталган окуу программасына ылайык жүргүзүлүп, диний сабактар студенттердин келечегин түзүүчү негизги булактардын негизинде жүргүзүлөрү айтылды. Ата-энелер факультетти кыдырып чыгышты. Алар балдары билим алып жаткан факультетке жана университетке ыраазы экендиктерин билдиришти. Жыйындын соңунда факультеттин деканы Айык ата-энелерге убактысын аябастан, балдарына кам көрүп, жолугушууга катышып жаткандарына ыраазычылык билдирди.