КТМУ Теология факультетинин Окумуштуулар кеңешинин отуруму 2024-жылдын 12-декабрында, бейшемби күнү саат 09:30 да болуп өттү. Жолугушууга КТМУнун ректору проф. док. Алпаслан Жейлан, проректорлор проф. док. Режаи Доган, проф. док. Камалбек Каиримшаков, ректордун кеңешчиси проф. док. Кемал Полат, теология факультетинин деканы, проф. док. Хасан Аыйк жана теология факультетинин академиялык жана административдик жамаатынын катышуусунда өттү. Жыйында алгач теология факультетинин деканы проф. док. Хасан Айык 5 жылдык ишмердүүлүгү тууралуу статистикалык маалымат берди. Андан соң КТМУнун ректору проф. док. Алпаслан Жейлан Теология факультетинин окутуучуларынын академиялык изилдөөлөрүн, суроо-талаптарын жана пикирлерин укту. Ректор Жейлан мугалимдердин пикирлерин жана каалоолорун уккандан кийин аткарылган жана жасалышы керек болгон иштерге токтолушубуз керектигин баса белгиледи. Аткарылган иш-чараларга салым кошкондорго ыраазычылык билдирди. Жыйын эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.