2025-02-17

Колдонмолуу сынчыл ой жүгүртүүнү үйрөтүү долбоору-4


Колдонмолуу сынчыл ой жүгүртүүнү үйрөтүү долбоорунун ишке ашыруу бөлүгү аяктоого жакын. Факультетибиздин окутуучу мүчөсү доц. д-р Найл КАРАГӨЗдүн жетекчилигинде жана Ректорлук тарабынан колдоолонгон «Колдонмолуу сынчыл ой жүгүртүүнү үйрөтүү долбоору»нун 4-күнү 13.02.2025-ж. бейшемби күнү төрт сессия менен Теология факультетинде өткөрүлдү. Катышуучулар долбоордо үйрөнгөн ыкмаларын сабактарында колдонуп, үчүнчү күнгө жетишти жана ошол колдонмолордон жазып алган жыйынтыктарын башка катышуучулар менен бөлүшүштү. Бул сыяктуу топтук иштерге катышкан студенттердин колдонулган ыкмаларды абдан кызыгуу менен кабыл алышканын билдиришти. 4-күнү болгон семинарда Категория картасы, Рол ойноп көрсөтүү, Аквариум, Т таблицасы, МКДО ыкмасы менен кылдат окуу, ЭО-ЭӨ бирге окуу жана кыскача мазмун чыгарып жазуу, Рольду аткаруу, Шабат жазуу, Ойлон, жарашыктуу бөлүшүү сыяктуу студентке багытталган, сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүчү ыкмалар колдонмо түрүндө көрсөтүлдү. Катышуучулар акыркы сессияда кийинки семинар күнүгө чейин колдонмо сабак планын даярдашты