2025-02-21

Колдонмо Сынчыл Ой жүгүртүү Окутуу Долбоорунун ИЙГИЛИКТҮҮ АЯКТАДЫ


Факультетибиздин окутуучусу, доцент доктор Наил Карагөз жетектеген жана Ректорат тарабынан колдоого алынган «Колдонмо Сынчыл Ой жүгүртүү Окутуу Долбоорунун» бешинчи күндүк тренингдери 2025-жылдын 21-февралында, жума күнү, Теология факультетинде өткөрүлдү. Катышуучулар долбоордо үйрөнгөн ыкмаларды сабактарында колдонуп, бешинчи күнгө жетишти жана бул тажрыйбалары тууралуу башка катышуучулар менен бөлүшүштү. Топтук иштердин жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги өз ара аракеттешүүлөр орун алып, студенттер мындай иш-чараларга чоң кызыгуу көрсөтүштү.
Бешинчи күндүк тренингдер аяктагандан кийин, катышуучуларга сертификаттар тапшырылган салтанат уюштурулду. Салтанатка Кыргыз-Түрк Манас университетинин ректорунун орун басары, профессор доктор Алмаз Ибраев, ректордун орун басары, профессор доктор Режаи Доган, ректордун кеңешчилери, профессор доктор Кемал Полат жана профессор доктор  Мехмет Өзкаржы, факультет деканы, профессор доктор  Хасан Айык, декандын орун басары, доцент доктор  Бакыт Мурзарайымов катышты.
Салтанатта сөз сүйлөгөн ректордун орун басары, профессор доктор Алмаз Ибраев долбоордун Кыргызстан жана биздин университет үчүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле, профессор доктор Режаи Доан билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөргө шайкеш келүү үчүн мындай долбоорлор зарыл экенин баса белгиледи. Салтанат катышуучуларга сертификаттарды тапшыруу менен аяктады.