2025-жылдын 19-февралы, шейшемби күнү И. Арабаев атындагы университетинин Теология колледжинин студенттери социалдык жоопкерчилик иш-чаралары жана университетибизди таанытуу программасынын алкагында КТМУнун Теология факультетине келишти. Студенттерди Ректордун кеңешчиси профессор-доктор Кемал Полат жана Теология факультетинин деканинин орун басары доцент доктор Бакыт Мурзураймов тосуп алып, факультет жөнүндө маалымат беришти. Ректордун кеңешчиси профессор-доктор Кемал Полат Кыргыз-Түрк Манас университети тууралуу толук маалымат берип, студенттерди университеттин тамактануучу жайында түштөндүрдү. Студенттер Манаста окууну келечекте абдан каалашканын белгилешип, сапардын ишенимдүү болгонун айтып, ыраазычылыктарын билдиришти. Чогуу тартылган сүрөт менен иш-чара аяктады.