2025-жылдын 6-мартында, бейшемби күнү саат 15:00дө КТМУ Теология факультетинде Рамазан айынын руханий атмосферасында, орозо ибадатынын ар түрдүү аспектилери талкууланды. Өткөрүлгөн Рамазан панелинде адистердин аткаруусунда, доктор Гүлфия ГУБАЙДУЛИНА “Рамазанда Туура Тамактануу”, Yrd. Doç. Dr. Айтымамат КАРИЕВ “Орозонун Фыкхий тарабы” жана профессор доктор Мехмет ӨЗКАРЖЫ “Балалык Замандагы Рамазан Эстеликтери” деген темалар боюнча маанилүү маалыматтарды бөлүштү.
ГУБАЙДУЛИНА тамактануу боюнча орозо туткан адамдардын ден соолугу жана тең салмактуу тамактануусу үчүн сахар жана ифтар тамактарын тандоодо көңүл бурулушу керек болгон нерселерди баса белгиледи, ал эми КАРИЕВ орозонун фыкхи жактарына байланыштуу кызыккан суроолорго жооп берди. ӨЗКАРЖЫ болсо балалык куракта орозо кармоого үйрөтүү процесстерине байланыштуу педагогикалык кеңештерди угарман-дарга жеткирди.
Катышуучулардын чоң кызыгуусу менен өттү, панел Рамазан айынын руханий тереңдигин түшүнүүгө жардам берди жана ден соолук жана аң-сезимдүү орозо тажрыйбасын алуу үчүн пайдубал боло турган маанилүү маалыматтарды сунуштады.