2021-11-24

Мугалимдер күнү менен куттуктоо


Факультетибизде Түркия республикасынын Жогорку окуу жайларынын башкы башкармасынын Төрагасынын орун басары (ЙӨК башканы) PhD, проф. Рахми Эрдин катышуусу менен мугалимдер күнү белгиленди. Биздин декан PhD. проф. Кемал ПОЛАТ бардык окутуучу курамды мугалимдер күнү менен куттуктап, ар бирине бекем ден соолук, тынчтык жана ийгиликтерди каалап чын жүрөгүнөн куттуктады. Мугалимдер күнүнө арналган торт кесилип, чогулуш майрамдык маанай менен аяктады.