2025-жылдын 8-апрелинде саат 14:00дө факультетибиздин илимий ассистенти, док. Жазгүл Жолалиева тарабынан “Билим берүү кызматкерлери боюнча Теология факультеттери” аттуу академиялык семинар өттү. Өз сөзүндө Кыргызстандагы Теология факультеттери жаңы түзүүлөр экенине токтолду. Жолалиева бул факультеттердин өлкөнүн жалпы диний билим берүү системасындагы маанилүүлүгүн төмөнкү элементтердин негизинде билдирди:
1.Алар азыркы доордун фундаменталдуу институттары болгон университеттер менен байланышта.
2.Аларда белгилүү стандарттар жана нормалар боюнча иштеген бюрократиялык структуралар бар,
3. Алар мамлекет тарабынан таанылган институттар.
Семинарда теология факультеттеринде кездешкен көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору кеңири талкууланды.
Факультетибиздин аспиранттары, академиктери жана деканы катышкан семинар чоң кызыгууну жаратты.
Иш-чара суроо-жооп менен аяктады.