2025-жылдын 17-апрели, бейшемби күнү саат 14.40та КТМУнун Теология факультетинде исламтааннуу тармагында маанилүү изилдөөлөрдү жүргүзгөн проф., докт. Мустафа Өзжан тарабынан «Куран Пайгамбарыбыз (сав)ды кантип таанытат?» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинарга КТМУнун ректорунун кеңешчиси, проф. док. Кемал ПОЛАТ, Теология факультетинин деканы, проф., док Хасан АЙЫК, академиялык жана административдик кызматкерлер, университеттин студенттери жана теологияга кызыккандар катышты.
Семинарда Курани Карим Аз. Мухаммед (сав)га кандай аныктама бергени, кайсы жактарына басым жасаганы жана анын үлгүсү мусулмандар үчүн кандай мааниге ээ экендиги кеңири талкууланды. Проф., док. Челик, Куран аяттарынын негизинде Аз. Пайгамбардын адеп-ахлактык абалына, пайгамбарлык миссиясына, үммөт менен болгон мамилесине жана үлгүлүү инсандыгына олуттуу маани берген.
Программа катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратып, көрүүчүлөрдүн суроолоруна да жооп берилди. Семинардын соңунда КТМУнун ректорунун кеңешчиси проф.др.Кемал ПОЛАТ жана теология факультетинин деканы проф.др.хасан АЙЫК баалуу сөздөрү үчүн. Доктор Ал Өмер ЧЕЛИКке ыраазычылык билдирип, катышуу сертификатын тапшырды.