КТМУнун Теология факультетинде Ханафи-Матуриди дин түшүнүгүн таанытуу жана аймактагы диний билим берүү иш-чараларына салым кошуу максатында уюштурулган семинарлардын бешинчи отуруму өттү. 2025-жылдын 17-апрелинде, бейшемби күнү, саат 15:30да, Теология факультетинде өткөн семинарга Бишкектеги кыздар Куран курстарынын мугалимдерине багытталган көптөгөн окутуучулар катышты.
Бул жуманын спикери КТМУ Теология факультетинин окутуучусу, жардамчы доцент, доктор Айтмамат Кариев болду. Кариев "Орто Азия Ханафийлиги" деген темада баяндама жасап, Орто Азиядагы Ханафи салттарынын тарыхый түп-баштарына, өнүгүү процессине жана аймактагы коомдорго тийгизген таасирине токтолду. Ханафи мазхабынын Орто Азиядагы жайылышынын региондогу маданий жана социалдык түзүлүштөргө кантип шайкеш келгендигин баса белгиледи. Өзгөчө Бухара, Самарканд жана Ташкент сыяктуу илим борборлорунда тарбияланган окумуштуулар бул салттын жайылышына жана күчөшүнө кандай роль ойногону тууралуу айтып берди. Мындан тышкары, Матуриди калам түшүнүгүнүн Ханафи фикх менен болгон байланышын белгилеп, бул эки ой жүгүртүү системасынын аймакта кандайча бирге калыптанганын көрсөттү.
Семинар соңунда катышуучулар бир нече суроолорду берип, темага байланыштуу пикир алмашуу жүргүзүштү.