КТМУ Теология факультети тарабынан Бишкектеги кыздар Куран курстарынын мугалимдерине багытталган «Ханафи-Матуриди дин түшүнүгү семинарларынын» жетинчи отуруму 2025-жылдын 21-апрелинде, дүйшөмбү күнү, саат 15:30да өткөрүлдү.
Бул отурумдун спикери, КТМУ Теология факультетинин окутуучусу, доктор Айтмырза Сотволдиев болду. Доктор Сотволдиев "Матуридинин Тафсир түшүнүгү" деген темада баяндама жасады. Баяндамада классикалык калам жана тафсир адабиятынын маанилүү өкүлдөрүнүн бири болгон Имам Матуридинин Куранга болгон мамилеси жана тафсир методу терең түрдө талданып, Матуридинин акылды биринчи орунга койгон көз карашынын Куран тәпсирине кандайча өзгөчө караштар алып келгендиги айтылды. Атап айтканда, "Тавилат-ул-Куран" деген эмгегинин тереңдигине токтолуп, аяттардын тафсиринде нас жана акылдын кантип тең салмакта каралгандыгы талкууланды. Матуридинин тафсир түшүнүгү жана анын Куран тафсирине кошкон салымы боюнча маалымат берилди. Катышуучулар Матуридинин ой жүгүртүү системасы жана методологиялык көз карашы тууралуу кенен маалымат алышты.
Программа соңунда катышуучулардын суроолоруна жооп берилди.