2025-04-30

Аялдар үчүн Куран курсунун жыйынтыктоочу программасы


Социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында Сатук Бугра Хан мечитинде 2025-жылдын 4-февралынан 2025-жылдын 30-апрелине чейин аялдар үчүн 3 айлык Куран курсу уюштурулду. Мечиттин алкагында башталган бул маңыздуу программа аймактагы аялдардын жана университеттин студент кыздарынын диний билимдерин бекемдөө жана Куранды туура үйрөнүүсүнө жардам берүү максатында ишке ашырылды.

Көпчүлүктүн көңүлүн бурган курста КТМУнун теология факультетинин окутуучусу Хаиитмирза Сотволдиев жана окутуучу Миргүл Бекмурзаеванын жооптуулугу астында Теология факультетинин магистранты  Бейза Дэмир жана бакалавр окуучулары тарабынан Куран окуу, тажвид эрежелери, негизги диний маалыматтар жана ибадат боюнча курстар өткөрүлдү. Аптанын шейшемби жана бейшемби күндөрү өтүүчү сабактарга бардык курактагы аялдар жана кыздар катышты.

Курстун жабылышында КТМУнун ректорунун кеңешчиси проф. док. Кемал Полат жана Теология факультетинин Ислам илимдери бөлүмүнүн башчысы доц. Доктор Наил Карагөз сөз алып, коомдун негизи болгон аялдардын диний билимин жогорулатууга маани беришкендерин жана бул курстун руханий жактан өнүгүүсүнө да, аялдарыбыздын тилектештигинин да артышына салым кошоорун белгиледи. Ошондой эле, мындай курстардын келечек муундун келечеги үчүн орду чоң экенин айтышты.

Катышуучулар бул курс алар үчүн тарбиялык да, моралдык жактан да чоң мааниге ээ экенин жана мындай иш-чаралардын мындан ары да уланышын каалашарын айтышты. Программанын аягында курска катышкан аялдарга жана кыздарга сертификаттар тапшырылды.