2025-04-30

Калем" студенттик клубу тарабынан "Ханафий мазхабы" атындагы семинар


2025-жылдын 24-апрель саат 15:00дө КТМУнун Теология  факультетинин "Калем" студенттик клубу тарабынан уюштурулган жана окутуучу доцент Айтмамат Кариевдин модераторлугунда өткөн "Ханафий мазхабы" атындагы семинар өттү. Семинарга КТМУнун Теология факультетинин деканы проф. д-р Хасан Айык, окутуучулар, кызматкерлер жана университеттин студенттери катышты.

Семинарда кыргыз элине таанымал молдо Олжобай Алимбеков Ханафий мазхабынын мааниси тууралуу айтып өттү. Ошондой эле, молдо Олжобай Ханафий мазхабын башка мазхабдардан айырмалап турган негизги өзгөчөлүктөрү менен бөлүштү.

Семинардын соңунда катышуучулардын суроолоруна жооп берилди. Андан кийин Теология факультетинин деканы проф. д-р Хасан Айык сүйлөөчүгө ыраазычылык баракчасын тапшырды.