2025-06-17

Жайкы Куран курсу башталды!


7-14 жаштагы аялдар жана балдар үчүн жайкы Куран курсу 2025-жылдын 9-июнунда Сатук Бугра Хан мечитинде башталды. Жайкы каникулун жемиштүү, руханий жактан да өткөрүүнү каалаган балдар курска чоң кызыгуу көрсөтүштү.

Курстун жүрүшүндө Куранды үйрөнүүнү каалаган жаңы катышуучуларга Алиф-ба сабагы өткөрүлүүдө. Куран окуганды билген окуучулар тажвид эрежелери менен дагы кооз жана туура окуу жөндөмдөрүн өстүрүшөт. Кошумчалай кетсек, бул курс программасы негизги диний маалыматтарды (ыйман, ибадат, адеп жана өмүр баяны), күнүмдүк намаз жаттоо жана тандалган хадис жаттоо сабактарын камтыйт.

Аялдар жана балдар үчүн өзүнчө тайпаларда өткөрүлгөн курс жылуу жана достук маанайда уланууда. Курсубуз 2025-жылдын 4-июлуна чейин уланат.