Кыргыc-Түрк Манас университетинин Теология факультетинин 4-курс студенти Бакытбек кызы Алима түрк мамлекеттеринде жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн эл аралык “Түрк Элдеринин Мыкты Студенти” сынагында I даражадагы диплом менен сыйланды.
Сыйлоо аземи 25-октябрда Астана шаарында Улуттук инновациялык илимий-изилдөө борбору “Bilim-Orkenieti” жана республикалык инновациялык борбор “Жаңа Казакстан” тарабынан биргеликте өткөрүлдү.
Бул сыйлык түрк дүйнөсүндөгү жаштардын илимий, маданий жана коомдук өнүгүүсүнө салым кошкон мыкты студенттерди колдоого багытталган.
Студентибизди куттуктайбыз, алдыдагы ийгиликтери арта берсин!

