2026-02-10

Кутба Жазуу Конкурсу


КУТБА ЖАЗУУ КОНКУРСУ

ТЕМАТИКА: Актуалдуу темалар болушу керек.

МАКСАТЫ

Теология факультетинде кутба жазуу конкурсун уюштуруунун максаты: студенттердин диний билимин туура жана таасирдүү жеткирүү жөндөмүн өстүрүү, кутбанын коомдук багыт берүүчүлүк ролун аңдап билүү жана кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу.

МАЗМУНУ

Бул атайын жобо жогоруда аталган конкурска катышуу шарттарын, эмгектерге коюлган талаптарды, тапшыруу тартибин, калыстар тобунун ишин, сыйлыктарды жана сыйлоо аземинин жол-жоболорун камтыйт.

КОНКУРСКА КАТЫШУУ ШАРТТАРЫ

  • Конкурска КТМУнун Теология факультетинин студенттери гана катыша алат.
  • Жазылган кутбалар темасына жана максатына ылайык даярдалышы керек.
  • Бир катышуучу конкурска 1 гана кутба менен катыша алат.
  • Кутба мурда эч бир улуттук же эл аралык конкурстарга катышпаган жана сыйлык албаган болушу шарт.
  • Кутба кыргыз тилинде жазылуусу милдеттүү.
  • Эмгектеги оригиналдуу эмес текст же маалыматтарга байланыштуу автордук укук маселелерине катышуучу өзү жооптуу. Келип чыккан укуктук жоопкерчилик кутбанын ээсине таандык.
  • Жеңүүчүлөр факультеттин жетекчилиги тарабынан же факультеттин расмий веб-сайты (https://www.manas.edu.kg/tr/theology/news) аркылуу жарыяланат.
  • Кутба Times New Roman арибинде, 12 шрифт менен, барактын четтеринен 2,5 см боштук калтырылып, 450 сөздөн ашпаган көлөмдө, аты-жөнү көрсөтүлбөстөн Word форматында жазылышы керек.
  • Катышуучулар арыз, паспортунун көчүрмөсүн жана кутбанын 1 даана кагазга чыгарылган нускасын конвертке салып, жабык түрдө жана электрондук Word форматында жооптуу кызматкерге 2026-жылдын 1-апрели саат 17.00гө чейин колго тапшырышы керек.
  • Тел: +996 707 436 103; Электрондук почта: altinay.kurmanbekova@manas.edu.kg; Маалымат үчүн: 0 707 436 103.
  • Конкурска катышуу формасына бир гана адам кол коюшу керек жана ал адам кутбанын мыйзамдуу ээси болушу шарт. Эмгекти даярдоого канча адам катышпасын, сыйлык документте кол койгон адамга гана берилет. Бардык маалыматтардын тактыгына кол койгон адам жооптуу.
  • Конкурска жиберилген эмгектер, жыйынтыгына карабастан, кайтарылып берилбейт.
  • Катышкан эмгектерди түзөтүү жана колдонуу укугу конкурс уюштуруучуларына таандык.

ТАПШЫРУУ ТАРТИБИ

Катышууну каалаган студенттер факультеттен арыз формасын алып, аны толтуруу менен катыша алышат. Маалыматтар КТМУнун Теология факультетинин илимий кызматкери Алтынай Курманбековадан алынат (Жеке маалыматтар үчүнчү тарап менен бөлүшүлбөйт).

КАЛЫСТАР ТОБУ ЖАНА БААЛОО

  • 5 кишиден турган калыстар тобу чечимди көпчүлүк добуш менен (кеминде 3 добуш) кабыл алат.
  • Калыстар тобу тарабынан аныкталган алгачкы үч эмгекке сыйлык берилет.
  • Калыстар тобунун чечими акыркы болуп саналат жана өзгөртүлбөйт. Бирок эмгек плагиат (уурдалган) экени аныкталса, бардык жоопкерчилик катышуучуга жүктөлөт.
  • Мындай жагдай аныкталса, эмгек конкурстан четтетилет. Эгер сыйлык берилгенден кийин аныкталса, сыйлык кайра кайтарылып алынат.
  • Баалоо процессинде купуялуулук принциби сакталат.

БААЛОО КРИТЕРИЙЛЕРИ: Калыстар тобу конкурстун максатына ылайык эң мыкты эмгектерди аныктайт. Сыйлыкка татыктуу эмгектин бар-жогун же сыйлыктардын бир бөлүгүн бөлүштүрүүнү калыстар тобу өзү чечет.

СЫЙЛЫКТАР

1-орун: 10 000

2-орун: 7 000

3-орун: 5 000

4-орун: 3 000

5-орун: 2 000

6-орун: 1 000

КОНКУРСТУН ГРАФИГИ

Конкурстун жарыяланышы: 12-февраль, 2026-жыл

Акыркы тапшыруу күнү: 1-апрель, 2026-жыл

Калыстар тобунун баалоосу: 9-апрель, 2026-жыл

Сыйлоо аземи: 26-апрель, 2026-жыл

ЫЙЫКТУУ КУРАМДАР

КОНКУРСТУН ЭЭСИ: КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИ ТЕОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

КОНКУРСТУ УЮШТУРУУ КУРАМЫ:

КАЛЫСТАР ТОБУ: (Жюри – 5 мүчө)

1. Бакыт Жунусалиев (Эне тилди колдонуу жагы) 2 000

2. Айтмамат Кариев

3. Хайитмирза Сотволдиев

4. Данияр Мурадилов

5. Сабыр Мураталиев

6. Шахимардан Орунбеков

7. Улан Калмурзаев

8. Алтынай Курманбекова

 

Конкурсту өткөрүү тартиби:

Жазылган Кутбанын электрондук форматы жана принтерден чыгарылган нускасын ташыруунун аrыркы күнү: 1 апрель 2026-жыл.

Жыйынтыкты угузуу жана сыйлыктарды тапшыруу күнү: 26-апрель 2026-жыл

 

(Эскертүү: Кутбанын эдектрондук форматында автордун аты жазылат, ал эми принтерден чыгарылган нускада автордун аты жөнү жазылбайт).