Факультетибиздин 2026-жылдагы социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында 2026-жылдын 12-февралында айымдарга арналган «Бейишке татыктуулар» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинар КТМУ Теология факультетинин кызматкери Жамила Жораева жана кыз студенттер тарабынан уюштурулду.
Семинарда бейишке татыктуу болгон адамдар — ыйманын чын жүрөктөн сактап, аны жакшы амалдар менен бекемдеген инсандар экени айтылды. Алар ибадаттарында гана эмес, күнүмдүк жашоосунда да такыбалык аң-сезими менен аракет кылышат. Жакшы адеп-ахлак, сабырдуулук, мээримдүүлүк жана адилеттүүлүк алардын негизги өзгөчөлүктөрү катары белгиленди. Ошондой эле бейишке татыктуу болуу убактылуу сезим эмес, жашоонун бардык тармагына чагылдырылган аң-сезимдүү жана туруктуу кулчулук экендиги баса белгиленди.
Семинардын соңунда катышуучуларга сый-тамак тартууланды. Иш-чарага болжол менен 110 айым катышып, чоң кызыгуу менен угушту. Жооптуу кызматкерлер бул программа ар жуманын бейшемби күнү ошол эле убакытта улантыларын билдиришти.

