Теология факультетибизде «Жаздын жарчысы – Нооруз» аттуу мазмундуу академиялык жана илимий панель өткөрүлдү. Панель 2026-жылдын 23-мартында Абу Ханифа атындагы аудиторияда уюштурулду.
Панелдин модератору доцент, доктор Бакыт Мурзараимов ачылыш сөзүндө Нооруз майрамынын кыргыз тарыхындагы ордуна токтолуп, анын маанисин баса белгиледи.
Биринчи баяндамачы, факультетибиздин окутуучусу, доцент, доктор Айытмамат Кариев, «Нооруз майрамынын ислам укугундагы орду» аттуу баяндамасында Нооруздун мазмунуна жараша бааланарын белгилеп, өз оюн аят-хадистер жана ислам укугунун принциптери аркылуу негиздеди. Ал Ноорузга байланышкан салттар мусулманды ширкке алып барбаган шартта улуттук майрам катары белгилениши мүмкүн экенин, бул ислам укугуна каршы келбестигин, тескерисинче улуттук өзгөчөлүктүн бир бөлүгү катары сакталышы керектигин баса белгиледи.
Панелдин экинчи баяндамачысы, профессор, доктор Кемал Полат «Кыргыздардын Нооруз майрамындагы диний элементтер» аттуу темада баяндама жасады. Анын баяндамасында Нооруз сөзүнүн этимологиясы, тарыхы, түрк элдеринин тарыхындагы орду, көз карандысыздыктан кийинки Кыргызстандагы Нооруз майрамдары жана андагы диний элементтер кеңири каралды. Презентация учурунда көз карандысыздык мезгилинен бери сакталып келе жаткан салттарды чагылдырган сүрөттөр да көрсөтүлдү.
Ошондой эле акыркы жылдары Нооруз майрамын белгилөө солгундап баратканы, бул көрүнүш быйыл Рамазан айына туш келиши жана өлкөдө диний радикализмдин өсүшү менен байланыштуу экени белгиленди.
Панелдин соңунда факультеттин деканы профессор, доктор Хүсейин Акйүз модераторго жана баяндамачыларга ыраазычылык баракчаларын тапшырып, иш-чара жамааттык эстелик сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

