2026-03-27

Кызыкдар тараптардын кызматташтыгы аркылуу сапаттуу билим берүү процесстери


Кыргыстан-Түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейинде практика өтөп жаткан студенттерибиздин сабак өтүү процесстери факультетибиздин деканы профессор, доктор Хүсейин Акйүз, практика комиссиясынын мүчөлөрү окутуучу, доктор Миргүл Бекмурзаева жана доктор Дилноза Рахматиллаева тарабынан жеринде байкоого алынды.

Студенттерибиздин «Акыретке ишеним» темасын эркин, системалуу жана натыйжалуу баяндап берүүсү жогору бааланды.

Сапардын алкагында мектеп директору Мустафа Огуз жана Дин маданияты жана адеп-ахлак сабагынын мугалими Мехмет Ягжы менен жолугушуу өткөрүлүп, билим берүү процессинин сапатын жогорулатууга багытталган пикир алышуулар жүргүзүлдү.

Мекемебиз өзүнүн өнөктөштүк байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган саясатынын алкагында мектеп–университет кызматташтыгын бекемдөөгө, практикага негизделген билим берүү процесстерин колдоого жана сапаттуу кадрларды даярдоого мындан ары да туруктуу түрдө салым кошууну улантат.

Практика процессин ийгиликтүү улантып жаткан студенттерибизди куттуктайбыз жана алардын академиялык жана кесиптик өнүгүү жолунда мындан аркы ийгиликтерин каалайбыз.