2026-04-08

Факультетибиз эл аралык илимий кызматташтыкка кадам таштоодо


Университетибиздин ректорунун кеңешчиси профессор, доктор Кемал Полат, факультетибиздин деканы профессор, доктор Хүсейин Акйүз жана декан орун басары доцент, доктор Бакыт Мурзараимов Казакстандагы Нур-Мубарак Египет Ислам маданияты университетинин проректору Ершат Онггар менен билим берүү жана илимий кызматташтык багытында кеңири сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Жолугушууда эки мекеменин ортосунда биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу, академиялык алмашуу программаларын өнүктүрүү жана илимий изилдөөлөрдө кызматташууну күчөтүү маселелери каралды. Ошондой эле студенттер үчүн жайкы мезгилде араб тили боюнча билим берүү программаларын уюштуруу маселеси да талкууланды.

Бул жолугушуулар факультетибиздин эл аралык академиялык кызматташтыгын чыңдоодо маанилүү кадам болуп саналат жана окутуучулар менен студенттер үчүн жаңы илимий жана академиялык мүмкүнчүлүктөрдү ачууга өбөлгө түзөт.