КТМУ Теология факультетинин 2026-жылдагы социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында Бишкек шаардык муфтиятка караштуу «Бишкек кыз Куран курсу» тарабынан 240 окуучу университетибизге иш сапары менен келди.
2026-жылдын 14–15-апрель күндөрү Жамила Жораеванын координациясы менен өткөрүлгөн бул программада конок студенттер күн бою ар түрдүү иш-чараларга катышып, университеттин жашоосу менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Программа алкагында конокторго алгач университеттин ашканасында түшкү тамак берилди. Андан соң алар Ректорубуз профессор доктор Алпаслан Жейлан жана профессор доктор Алмаз Ибраев менен жолугуп, жылуу маектешүү өткөрүштү. Жолугушууда университеттин ишмердүүлүгү жана келечек багыттары тууралуу пикир алмашуу болду.
Андан кийин студенттер факультеттин деканы профессор доктор Хүсейин Акйүз менен жолугуп, факультеттин билим берүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты.
Мындан тышкары кампустагы мечитке экскурсия уюштурулуп, программа соңунда «Алгачкы медициналык жардам жана эненин ден соолугунун коомдук ден соолуктагы ролу» темасындагы семинар менен жыйынтыкталды.


