2026-04-16

Сиро жарышы


Кыргыз-Түрк Манас университетинин Теология факультети тарабынан 2026-жылдын социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында айымдарга арналган «Сиро жарышы» өткөрүлдү. 2026-жылдын 16-апрелинде уюштурулган бул маанилүү иш-чара факультетибиздин кызматкери Жамила Жораеванын координаторлугунда өткөрүлдү.
Жаштардын Азирети Мухаммеддин (с.а.в.) өмүрүн жакындан таанып-билүүсүн камсыз кылуу максатында уюштурулган сынакка көп сандагы катышуучулар катышты. Болжол менен 50 студент катышкан иш-чарада катышуучулар Пайгамбарыбыздын үлгүлүү адеп-ахлагы жана жалпы адамзатка калтырган универсалдуу баалуулуктары боюнча кеңири даярдык көрүштү.
Студенттер чоң кызыгуу көрсөткөн бул программа диний жана академиялык билим деңгээлин жогорулатуу менен бирге университетибиздеги баалуулуктарга негизделген тарбияга да олуттуу салым кошууну максат кылды.
Чоң кызыгуу менен өткөн Сийра сынагынын жыйынтыгын чыгаруу иштери улантылып жатканы, жеңүүчүлөрдүн 2026-жылдын 20-апрелинде расмий жарыяланары билдирилди.