2021-12-29

Буткүл дүйнөлүк Арап тили күнү


Бүткүл дүйнөлүк Араб тили күнү

Бүткүл дүйнөлүк Араб тили күнүнө карата Теология факультетинин студенттери тарабынан чакан программа уйуштурулду. Аталган кечеге факультетибиздин Араб тил мугалими Абдулбасит Криж агайдын студенттер менен жакшы даярдык көргөндүгү байкалып турду. Абдулбасит агай жыл сайын аталган кечени уйуштуруп келет. Программанын жүрүшүндө студенттер ар кандай интермедияларды аткарып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.  Араб тилинин баалуулуктары менен тааныштырып, араб тилинде көркөм окуу жана ар түрдүү ырларды ырдап беришти. Теология факультетинин деканынын милден аткаруучу PhD, проф. Кемал Полат агай студенттерин ушундай шыктуулугуна күбө болуп, Абдулбасит агайдын жасаган ишмердүүлүгү үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.