Кыргызстан-Түркия Манас университетинин Теология факультети тарабынан 2026-жылдагы социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында айымдарга арналган «Билим байлык эмес, бирок бардык байлыктардын ачкычы» аттуу семинар уюштурулду. 2026-жылдын 23-апрелинде факультетибиздин кызматкери Жамила Жораеванын координаторлугунда өткөрүлгөн семинарга студенттер чоң кызыгуу көрсөтүштү.
Семинарда Айзат Нарынбекова ислам дини боюнча билим түздөн-түз материалдык байлык катары эмес, адамды туура жолго багыттаган, адеп-ахлактык жетилүүгө жеткирген жана дүйнө менен акырет бактысына жеткирүүчү негизги баалуулук катары караларын белгиледи. Ушул алкакта билим адамдын аң-сезимдүү аракет кылуусуна, коомго пайдалуу болушуна жана чыныгы ийгиликке жетишине шарт түзгөн эң маанилүү каражаттардын бири экени айтылып, семинар жыйынтыкталды.