2021-12-29

5 - Семинар


КЫРГЫЗ ТҮРК МАНАС УНИВЕРСИТЕТИ ТЕОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИ 2021-2022- ОКУУ ЖЫЛЫНА КАРАТА СЕМИНАРЛАРЫ

 Факультетибиз тарабынан уюштурулган 2021-2022-окуу жылы семинарлары уланууда. Бешинчи жолу өткөрүлгөн семинардын коногу Анкара Коомдук илимдер университетинин Ислам илимдер факультетинин окутуучусу PhD. проф. Др. Асым Йапыжы болду.

«Жаңы адам, дин жана баалуулуктар» аттуу презентациясында Япыжы адамдын өзгөрүшү, баалуулуктар жана динчилдик, анын кабылдоосундагы өзгөрүүлөр, эски адамдын жана жаңы адамдын физиологиялык түзүлүшү, эмоционалдык жана психикалык өзгөрүү жөнүндө сөз кылды. Адамдардын жашоого болгон көз карашы жана салттуу адамдардын жана азыркы жана постмодерндик адамдардын баалуулуктары, дин менен болгон мамилеси, салттуу дин түшүнүгүнүн өзгөрүшү жана азыркы мезгилдеги күнөө иштерин кабылдоодо мурунку жашаган адамдар менен салыштыруу жолу аркылуу түшүндүрүп, катышуучуларга кенен маалымат берди. Семинар угуучулардын суроолоруна жооп берүү менен аяктады.