2022-01-06

КТМУ студенттер жатаканасында маектешүү


КТМУнун Студенттик жатаканасында факультетибиздин  профессордук-окутуучулар жамааты өткөргөн маектер бирин артынан бири кызуу уланууда. 21.12.2021 күнү баяндамачы Кыргызстан-Түркия Манас университетинин Теология факультетинин окутуучусу Доцент. док. Али Йүксек агай тарабынан өткөрүлдү. Бул  жолкусунда “Диний жана улуттук баалуулуктарыбызды биле жүрүү” аттуу темада сөз козгоп,  бизде акыл менен илимди баалаган динибиз бар экенин айтып өттү. Ислам динибиз улуттук баалуулуктарыбыздын, маданиятыбыздын негизин түзөрүн баса белгилеп, өз маданиятыбызды туура булактардан үйрөнүү керек экендигине басым жасады.

Али Йүксек агай, маектешип олтуруп, студенттердин суроолоруна да жооп берип жатты. Мусулман коомчулугунда байкалган кээ бир көйгөйлөрдүн түпкү себептери Исламий билимдин жетишсиздигинен келип чыкканын, эгер Мусулмандар туура булактар аркылуу Ислам динин кайрадан жакшылап үйрөнүшсө, анда илим жана маданият тармагында өтмүштөгү Ислам маданиятына кайрадан жетүү мүмкүнчүлүгнө ээ боло алышаарына ынандырды