2022-01-06

КТМУ студенттер жатаканасында маектешүү


Теология Факультетибиздин  профессордук-окутуучулар жамааты тарабынан КТМУнун студенттик жатаканасында студенттер менен маектешүү программасынын бул жолку коногу Кыргызстан-Түркия Манас университетинин Теология факультетинин окутуучусу Доцент. док. Наил Карагөз агай болду. Наил Карагөз агай 04. 01. 2022. күнү “Ишеним дүйнөбүз” аттуу темада маек өткөрүп берди. Аталган программага Теология факультетибиздин деканынын милдетин аткаруучу PhD, проф. Кемал Полат агай да катышты. Доцент. док. Наил Карагөз агай өз сөзүндө инсанды инсан кылган өзгөчөлүктөрдүн бири, анын ишеними экенине токтолду. Ыйман менен ишенимдин ортосундагы карым-катнашка токтолгон Карагөз, момундун бир эле учурда ишенген жана ишенимдүү да болушу керектигин айтып, тилекке каршы учурда башкалар тарбынан ишенимдүү болуу жөндөмүнөн алыстап баратканыбызга көңүлдү бурду. Жылуу чөйрөдө баарлашууда студенттер тарабынан берилген кызыктуу суроолорго жооп берген Полат агай менен  Карагөз студенттердин жумалык баарлашуу өтүнүчтөрүнө кайдыгер карабастан, ар дайым уланып туруусуна аракет жасаоого сөз беришти. Факультетибиздин окутуучулары жазгы мезгилдин аягына чейин ар шейшемби күнү студенттер үйүндө баарлаша алышат деген кубанычтуу кабар менен маек аяктады.