2022-02-18

Алмашуу программасына катышкан студенттерибиз ак тилек, батаа берилип узатылды.


КТМУ менен Сивас Жумхуриет университетинин ортосунда кол коюлган Академиялык кызматташтык протоколунун алкагында 2021-2022-окуу жылынын жазгы семестринде теология факультетибизден 5 студент Түркияга окууга барышат. ОшМУ менен кол коюлган Академиялык кызматташуу протоколунун алкагында 3 студент Ош шаарына жөнөтүлдү.

Теология факультетинде өткөрүлгөн аземде ректорубуз проф. док. Алпаслан Жейлан, ректорубуздун милдетин аткаруучу проф. док. Асилбек Кулмурзаев, теология факультетинин деканынын милдетин аткаруучу Проф.док. Кемал Полат, факультеттин окутуучулар жамааты жана студенттер катышты. Ректор проф. док. Алпаслан Жейлан алмашуу программасына катышкан студенттерге ийгилик каалоолорун билдиргенден кийин студенттерибизге жакшы дуба тилектер айтылып узатылды.