2022-02-28

КТМУ Теология факультетинин 2022 жазгы семестрдик семинарлары башталды.


PhD, проф. док. Режаи Доган, "Дисертацияны кантип жазуу керек?" деген темада семинар өткөрдү. Семинарга өзгөчө жогорку курстун студенттери, магистранттар жана докторанттар катышты. Доган семинарда төмөнкү маселелерге токтолду. «Диссертация аргумент катары түзүлүшү керек (логикалык түшүндүрмө, коргоо жана борбордук дооматтын негиздемесинин негизинде жазылууга тийиш). Диссертацияңыздын окурманы үчүн маанилүү нерсе, сиз өзүңүздүн материалдарыңызды аларга жумшаган күч убакыт, ресурстар ж.б.у.с. Диссертацияны жазууда грамматикалык эрежелерге жана пунктуацияларга көңүл буруу керек. Диссертацияңызды окурмандардын көңүлүн бура тургандай кылып беришиңиз керек. Сиз көйгөйдү ачык айтышыңыз керек. Аргументтерди логикалык баскычтарда түшүндүрүшүңүз керек. Сизде бар далилдерди баса белгилешиңиз керек, бирок аргументти бекемдөө үчүн далилдерди гана колдонуңуз. Ал окурмандарды узун түшүндүрмөлөр, керексиз талкуулар жана таблицалар менен тажатып жибербеши керек. Натыйжада айкындык, сарамжалдуулук, кайраттуулук, темага жакындык, туура грамматика, мазмундуу тыныш белгилер жана жөнөкөй туюнтма окурманды өзүнө тарта билүүсү керек”. Андан соң PhD, проф. док. Режаи Доган диссертациянын мазмуну, анда болушу керек болгон маалыматтар, шилтеме эрежелери, библиографияны даярдоо жана студенттин жетекчисинин ролу кандай болушу керектиги тууралуу түшүндүрмө берди. Семинар студенттердин суроолору менен жыйынтыкталды.