2022-02-28

“Эркин трибунада жума маектери” программасынын бул жолку коноктору студенттер эле.


Теология факультетибиз тарабынан жума сайын уюштурулуп жаткан “Эркин трибунада жума маектери” программасында бул жумада “Искусство, музыка жана музыкалык аспаптарынын мисалдары” темасында баарлашуу жана концерттик иш-чара өткөрүлдү. Нигде Өмер Халис Демир университетинин көркөм өнөр факультетинен студенттери Ахмет Байрам, Зулейха Зулал Ток жана Хажеттепе университетинин тарых факультетинен келген студенти Бахадыр Алпарслан Гөкалп Орхун менен бирге өткөрүлгөн программада түрк музыкасынын ар түрдүү үлгүлөрү тартууланды. Мындан сырткары түрк музыкасындагы айрым аспаптары менен тааныштырып, факультетибиздин студенттери кыргыз музыкасынын үлгүлөрүн тартуулоо менен музыканын адам жашоосундагы орду боюнча суроо-жооп иретинде маектер болуп өттү.

Студенттерибиз кызыгуу жана кубаныч менен коштоп, чоң кызыгуу көрсөткөн баарлашуу жана концерттик программанын негизинде  деканыбыз PhD, проф. док. Кемал Полаттын ыраазычылык баракчаларын тапшыруу менен аяктады.