2022-03-01

Теология факультетинин кенже илимий кызматкери Орунбеков Шохимардан мырзага “Эл сүйгөн жетекчи” наамы ыйгарылды


2022-жылдын 24-февраль айынын бейшемби күнү  Кыргыз республикасынын “Ардактуу инсандары” коомдук бирикмеси эл арасында  элге эмгеги сиңген инсандарды ар кандай наамдар менен сыйлап келет. Бул жолкусунда диний ишмер, Теология факультетинин кенже илимий кызматкери Орунбеков Шохимардан мырзага “Эл сүйгөн жетекчи” наамын ыйгарып, төш белги менен сыйлады. Орунбеков Шохимардан Университеттен сырткары эл аралап, диний кызматты аркалагандыгы үчүн, Кыргыз республикасынын “Ардактуу инсандары” коомдук бирикмесинин кординатору Дүйшөн Өмүрбеков  тарабынан атайын чакан  иш чара уйуштурулуп, “Эл сүйгөн жетекчи” наамы жана төш белги менен сыйлады.  Бул иш чарага Теология факультетинин деканы PhD, проф. док. Кемал Полат агай, декан жардамчысы Доцент. док. Бакыт Мурзараимов, Доцент. док. Мехмет Демиржи агайлар жана бир топ алыс жакындан келген коноктор катышып, Орунбеков Шохимарданга ак тилек, батааларын берип, ийгилик каалашты.