2022-03-10

Теология факультетинин жамааты майып балдар жатаканасына зыярат кылышты


КТМУнун коомго пайдалуу иш-чараларынын алкагында 05.03.2022-жылы теология факультетинин жетекчилик жамааты жана студенттери Белодовскийдеги майып балдар жатаканасына барышты. Жатакана жетекчилери келген конокторду жылуу тосуп алып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын абалы тууралуу маалымат беришти.

Факультетибиздин окутуучуларынын бири Доц. док. Мехмет Демиржи тарабынан Куран окулгандан кийин майып балдарга дуба кылынды. Зыярат учурунда балдар менен жакындан таанышып,  майып балдарга түшкү тамак жана  мөмө-жемиш, шоколад тартуулашты. Мындан сырткары, КТМУнун көркөм өнөр факультетинин студенттери майып балдарга чакан концерт коюп, аларга моралдык колдоо көрсөтүштү.