2022-03-16

Панель: «Ар тармактуулугу менен Мехмет АКИФ Эрсой»


Кыргызстан-Түркия «Манас» университетинин теология факультети тарабынан «Ар тармактуулугу менен Мехмет Акиф Эрсой»  » аттуу панель уюштурулду. 2022-жылдын 14-мартында Теология факультетинин Абу Ханифа атындагы чоң залында PhD проф.  Мустафа Орчан, факультеттин профессордук окутуучулар жамааты жана студенттердин катышуусунда өткөрүлдү.

Эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери ырдалып, PhD проф.  Мустафа Орчан, жана теология факультетинин деканы PhD проф.  Кемал Полаттын ачылыш сөзүнөн кийин панель башталды. Адабият факультетинин түркология бөлүмүнүн башчысы PhD проф. Бурул Сагынбаева модераторлук кылган панелде PhD проф.  Сагынбаева «Түркиянын мамлекеттик гимни менен Кыргызстандын гимнинин салыштырма анализи»; Теология факультетинин деканы PhD проф.  Кемал Полат “Мехмет Акиф Эрсойдун дин түшүнүгү”; Ветеринария факультетинин PhD проф.  Хасан Хусейин Ары, «М. Акиф Эрсойдун өмүрү, инсандыгы жана  ветеринария”; Доц.док. Мехмет Демиржи «Курандан шыктанган улуттук акын Мехмет Акиф Эрсой» деген темада баяндама жасады. Панелдин аягында катышуучуларга “Катышуу сертификаты” тапшырылып, чогуу эстелик сүрөткө түшүштү.