2022-04-15

АЯЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН РАМАЗАН СЕМИНАРЛАРЫ 1


Рамазан айында КТМУ Теология факультетинин Сатук Бугра Хан практикалык мечитинде коомчулук үчүн семинарлар, Куран окутуу жана хатим окуу программалары уюштурулууда.

2020-жылдын 3-апрелиндеги семинардын темасы “Орозонун ден соолукка пайдасы” болду. Баяндамачы Венера Акеленова бул теманы көргөзмөлөр менен кеңири түшүндүрдү. Семинарга жүзгө жакын аял катышып, көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Баяндамачы семинардан кийин берилген суроолорго жооп берди. Программанын соңунда келген конокторго суроолор берилип, туура жооп бергендерге белектер тапшырылды.