2022-04-15

АЯЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН РАМАЗАН СЕМИНАРЛАРЫ 3


2022-жылдын 5-апрелинде КТМУ Теология факультетинин Сатук Бугра Хан практикалык мечитинде Рамазан айында коомчулукка арналган иш-чаралардын алкагында “Таравих намазынын пайдасы” аттуу семинар болуп өттү.

Баяндамачы Дилноза Рахматиллаева көрүүчүлөргө көргөзмөнүн коштоосунда теманы кеңири түшүндүрүп берди. Презентациядан кийин Рахматиллаева катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Көпчүлүктүн көңүлүн буруп, жүзгө жакын айым катышкан семинардын соңунда берилген суроолорго туура жооп бергендерге жана программага катышкандарга белектер таратылды.