2022-04-15

АЯЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН РАМАЗАН СЕМИНАРЛАРЫ 4


2022-жылдын 6-апрелинде КТМУ Теология факультетинин Сатук Бугра Хан практикалык мечитинде Рамазан айында коомчулукка арналган иш-чаралардын алкагында “Адам укуктары” аттуу семинар болуп өттү.

Баяндамачы кенже илимий кызматкер Жазгүл Жолалиева көрүүчүлөргө визуалдык көрүнүштөрдүн коштоосунда теманы кеңири түшүндүрдү. Жолалиева баяндамадан кийин катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Көпчүлүктүн көңүлүн буруп, жетимишке жакын айым катышкан семинардын соңунда берилген суроолорго туура жооп бергендерге жана программага катышкандарга белектер таратылды.