2022-04-15

АЯЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН РАМАЗАН СЕМИНАРЛАРЫ 5


2022-жылдын 7-апрелинде КТМУ Теология факультетинин Сатук Бугра Хан практикалык мечитинде Рамазан айында коомчулукка арналган иш-чаралардын алкагында “Өзүн таануу жолу” аттуу семинар болуп өттү.

Баяндамачы Айгүл Алымкулова көрүүчүлөргө көргөзмөлөрдүн коштоосунда теманы кеңири түшүндүрүп берди. Презентациядан кийин Алымкулова катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Көпчүлүктүн көңүлүн буруп, жүз жыйырмага жакын айым катышкан семинардын соңунда берилген суроолорго туура жооп бергендерге жана программага катышкандарга белектер таратылды.