2022-04-15

АЯЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН РАМАЗАН СЕМИНАРЛАРЫ 6


2022-жылдын 8-апрелинде Рамазан айындагы коомдук иш-чаралардын алкагында КТМУ Теология факультетинин Сатук Бугра Хан практикалык мечитинде “Аялдар илим үйрөнөт” аттуу семинар болуп өттү.

Баяндамачы Молдоайым Искакова көрүүчүлөргө көргөзмөнүн коштоосунда теманы кеңири түшүндүрүп берди. Презентациядан кийин Искакова катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Көпчүлүктүн көңүлүн буруп, токсонго жакын айым катышкан семинардын соңунда берилген суроолорго туура жооп бергендерге жана программага катышкандарга белектер таратылды.