2022-04-15

АЯЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН РАМАЗАН СЕМИНАРЛАРЫ 8


2022-жылдын 10-апрелинде КТМУнун Теология факультетинин Сатук Бугра Хан практикалык мечитинде Рамазан айында коомчулукка арналган иш-чаралардын алкагында «Маркумду акыркы сапарга узатуу» (жаназа жууп, кепиндөө) аттуу семинар болуп өттү.

Баяндамачы Лектор окутуучу Миргүл Бекмурзаева көрүүчүлөргө көргөзмөнүн коштоосунда теманы кеңири түшүндүрүп берди. Баяндамадан кийин Бекмурзаева катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Көпчүлүктүн көңүлүн буруп, эки жүзгө жакын айым катышкан семинардын соңунда берилген суроолорго туура жооп бергендерге жана программага катышкандарга белектер таратылды.