2022-04-15

АКАДЕМИЯЛЫК СЕМИНАР: КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ДИНИ ЖАМААТТАР. (Доц. Бакыт МУРЗАРАИМОВ)


КТМУнун теология факультетинин деканы  проф. док. Кемал Полат агай тарабынан демилгеленген "Академиялык семинар программасынын" төртүнчүсү 12.04.2022.числодо Доц. док. Бакыт Мурзараимовдун баяндамасында болуп өттү. “Кыргызстандагы диний топтор жана фонддор” деп аталган презентацияда Кыргызстандагы түрдүү диний топтор, алардын кыскача тарыхы жана Кыргызстандагы ишмердүүлүгү талкууланды. Окутуучулардын жана магистр жана докторанттардын кызуу катышуусу менен өткөн семинар суроо-жооп жана өз ара талкуу бөлүгү менен аяктады.