2022-04-18

КТМУ Теология факультетинин Сатук Бугра Хан практикалык мечитинде коомго пайдалуу лекциялар окулууда. Фархат Юсупов, Сабыр Мураталиев, Шохимардан Орунбеков.


КТМУ Теология факультетинин Сатук Бугра Хан практикалык мечитинде жети жылдан бери беш миңдей келген жамаатка ар түрдүү лекциялар окулуп келет. Аталган мечиттин кызматында Фархат Юсупов, Сабыр Мураталиев, Шохимардан Орунбеков талыкпай эмгектенип келишүүдө. Өзгөчө рамазан айында ар түнү ар кайсы темада коомду агартуу максатында лекциялар окулат. Аны менен чогуу беш убакыт намаз окутуу, беш убакыт намазга азан айтып, жамаатты ынтымакка, биримдикке чакырып келишет.