2022-04-18

КТМУ Теология факультетинин Сатук Бугра Хан практикалык мечитинде коомго куран сабактары жүргүзүлүүдө. Фархат Юсупов, Сабыр Мураталиев, Шохимардан Орунбеков.


КТМУ Теология факультетинин Сатук Бугра Хан практикалык мечитинде Диний сабаттуулукту жогорулатуу максатында иш чаралар өткөрүлүп келет. Аталган мечиттин кызматында Фархат Юсупов, Сабыр Мураталиев, Шохимардан Орунбеков коом үчүн диний сабактарды үзгүлтүксүз өткөрүп келишет. Өзгөчө рамазан айында ар түнү ар кайсы темада коомду агартуу максатында лекциялар окулат. Аны менен чогуу беш убакыт намаз окутуу, беш убакыт намазга азан айтып, жамаатты ынтымакка, биримдикке чакырып келишет.