2022-04-18

АТАЙЫН АЯЛДАР ҮЧҮН РАМАЗАН СЕМИНАРЛАРЫ 10


2022-жылдын 16-апрелинде КТМУ Теология факультетинин Сатук Бугра Хан практикалык мечитинде Рамазан айында коомчулукка арналган иш-чаралардын алкагында “Мусулман энелер” аттуу семинар болуп өттү.

Баяндамачы ГөрҮмүтай Кожомбердиева көрүүчүлөргө көргөзмөнүн коштоосунда теманы кеңири түшүндүрүп берди. Презентациядан кийин Кожомбердиева катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Көпчүлүктүн көңүлүн буруп, жетимишке жакын айым катышкан семинардын соңунда берилген суроолорго туура жооп бергендерге жана программага катышкандарга белектер таратылды.