2022-04-21
АТАЙЫН АЯЛДАР ҮЧҮН РАМАЗАН СЕМИНАРЛАРЫ 12
2022-жылдын 19-апрелинде КТМУ Теология факультетинин Сатук Бугра Хан практикалык мечитинде Рамазан айында коомчулукка арналган иш-чаралардын алкагында “Сабырдын аягы тынчтык” аттуу семинар болуп өттү.
Баяндамачы кенже илимий кызматкер Жазгүл Жолалиева көрүүчүлөргө көргөзмөлөрдүн коштоосунда теманы кеңири түшүндүрүп берди. Жолалиева баяндамадан кийин катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Көпчүлүктүн көңүлүн буруп, кыркка жакын айым катышкан семинардын соңунда берилген суроолорго туура жооп бергендерге жана программага катышкандарга белектер таратылды.