2022-04-23

АЯЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН РАМАЗАН СЕМИНАРЛАРЫ: Жаратканды таанып билүү


2022-жылдын 21-апрелинде КТМУ Теология факультетинин Сатук Бугра Хан практикалык мечитинде Рамазан айында коомчулукка арналган иш-чаралардын алкагында “Жаратканды таанып билүү” аттуу семинар болуп өттү.

Баяндамачы Акмаанай Мадалиева катышуучуларга көргөзмөлөрдүн коштоосунда теманы кеңири түшүндүрүп берди. Презентациядан кийин Мадалиева катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Көпчүлүктүн көңүлүн буруп, отузга жакын айым катышкан семинардын соңунда берилген суроолорго туура жооп бергендерге жана программага катышкандарга белектер таркатылды.