2022-04-23

АЯЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН РАМАЗАН СЕМИНАРЛАРЫ: ЖАБЫНУУ


2022-жылдын 22-апрелинде КТМУ Теология факультетинин Сатук Бугра Хан практикалык мечитинде Рамазан айында коомчулукка арналган иш-чаралардын алкагында “Жоолук – Алланын буйругу” аттуу семинар болуп өттү.

Баяндамачы Айзат Нарынбекова көрүүчүлөргө көргөзмөнүн коштоосунда теманы кеңири айтып берди. Презентациядан кийин Нарынбекова катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Көпчүлүктүн көңүлүн буруп, элүүгө жакын айым катышкан семинардын соңунда берилген суроолорго туура жооп бергендерге жана программага катышкандарга белектер таратылды.