2022-04-26

АЯЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН РАМАЗАН СЕМИНАРЛАРЫ: АЯЛДАРДЫН ӨЗГӨЧӨ АБАЛДАРЫ


2022-жылдын 24-апрелинде КТМУнун Теология факультетинин Сатук Бугра Хан практикалык мечитинде Рамазан айында коомчулукка арналган иш-чаралардын алкагында “Аялдар үчүн өзгөчө абалдар” аттуу семинар болуп өттү.

Баяндамачы Чылдыз Жайлообекова катышуучуларга көргөзмөлөрдүн коштоосунда теманы кеңири түшүндүрдү. Презентациядан кийин Жайлообекова катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Көпчүлүктүн көңүлүн буруп, отузга жакын айым катышкан семинардын соңунда берилген суроолорго туура жооп бергендерге жана программага катышкандарга белектер таркатылды.