2022-04-26

АЯЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН РАМАЗАН СЕМИНАРЛАР: НИЕТ


2022-жылдын 25-апрелинде КТМУ Теология факультетинин Сатук Бугра Хан практикалык мечитинде Рамазан айында коомчулукка арналган иш-чаралардын алкагында “Ниет” аттуу семинар болуп өттү.

Баяндамачы Клара Айтбаева көрүүчүлөргө көргөзмөлөрдүн коштоосунда теманы кеңири түшүндүрүп берди. Айтбаева презентациядан кийин катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Көпчүлүктүн көңүлүн буруп, отузга жакын айым катышкан семинардын соңунда берилген суроолорго туура жооп бергендерге жана программага катышкандарга белектер таркатылды.