2022-05-09

АЯЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН РАМАЗАН СЕМИНАРЛАРЫ: ИСЛАМ БАКТЫЛУУЛУК ДИНИ


2022-жылдын 26-апрелинде КТМУнун Теология факультетинин Сатук Бугра Хан практикалык  мечитинде Рамазан айында коомчулукка арналган иш-чаралардын алкагында “Ислам – бакыттын дини” аттуу семинар болуп өттү. Спикер Бактыгүл Үсөн кызы катышуучуларга көргөзмөнүн коштоосунда теманы кеңири айтып берди. Бет ачардан кийин Үсөн кыз катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Көпчүлүктүн көңүлүн буруп, отузга жакын айым катышкан семинардын соңунда берилген суроолорго туура жооп бергендерге жана программага катышкандарга белектер таркатылды.